Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына сынак жарыяланды
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялады.
Эми кенже кызмат орундарына тандоо мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы кеңсесинде жүргүзүлөт. Буга чейин талапкерлер ар бир мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өз-өзүнчө документ тапшырып, конкурс жарыялануусун күтүшчү.
Эми жарандар документтерди бир гана жолу тапшырат жана тандоонун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү борборлоштурулган кадрлар резервине киргизилет.
Кадрлар резервине кабыл алуу электрондук форматта E-Kyzmat мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлөт. Бул тандоонун ачык жана бирдиктүү тартибин камсыз кылат.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер үч этаптан өтүшү керек: документтерди тапшыруу; нормативдик укуктук актылар боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүү; офлайн же онлайн форматтагы маектешүүдөн өтүү.
Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер үч жылдык мөөнөткө кадрлар резервине киргизилет.
Сынактын жыйынтыгы менен резервге 5 миңге жакын жаранды кабыл алууну пландаштырылууда.
Кенен маалымат КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жайгаштырылган.https://mkk.gov.kg/ru/