Мамлекеттик органдардын бир катар кызматкерлери жоопкерчиликсиз мамиле жана кайдыгерлиги үчүн тартиптик жазага тартылышты
КР Акыйкатчысынын Аппаратынын Комиссиясынын сунуштамасына ылайык, мамлекеттик органдардын бир катар кызматкерлери тартиптик жазага тартылышты.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз-кызматы Акыйкатчы Токон Мамытов Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн Фрунзе айылында чоочун адамдар мажбурлап мал кайтарткан жана начар турмуштук шартта жашаган, 2010-жылы туулган, жашы жете элек жетим бала Б.И. кызыкчылыгын коргоп чыккан «Акцент» КФ жетекчиси А.Макарованын арызын өтө кылдат карап чыгуу үчүн Комиссия түзгөндүгү тууралуу маалымдаган.
Атап айтканда, Акыйкатчынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы №218 буйругу менен бул Комиссиянын алдына окуянын чындыгын билүү жана баланын укуктарын калыбына келтирүү жана мындан ары бузулушуна жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы коюлган. Аталган Комиссия 2019-жылдын 18-20-ноябрында Ысык-Көл облусуна барып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болгон. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Түп районунудагы Фрунзе айылына барышкан жана жетим бала жашаган үйдүн ээси Р.Шаршееванын кошуналары менен жолугуп, сүйлөшүшкөн.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча, Комиссия тарабынан бир катар министрликтер менен ведомстволорго сунуштамалар берилген.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бул баланын тагдырына кызыкпаган Түп районундагы Күрмөнтү айылынын Мукамбаев атындагы мектебинин директорунун ээлеген ордуна татыктуулугу жөнүндө маселени кароонун зарылдыгы жөнүндө сунуштама берилген – эмне үчүн баланын жекелигин күбөлөндүргөн документтери жок, ал кайдан келген, анын ата-энеси ким, эмне үчүн аны мектепке чоочун адамдар алып келип жатат ж.у.с.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Акыйкатчынын аппаратына берген маалыматына ылайык, Ж.Мукамбаев атындагы орто мектебинин директору Б.Осмоновго жана директордун ОТИ боюнча орун басары Р.Айгерчиновага КР Эмгек Кодексинин 146-беренесине ылайык, кызматкер тарабынан ага коюлган эмгектик милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн «сөгүш» берилген. Андан тышкары, директордун ОТИ боюнча орун басары Н.Шакембаевага жана социалдык педагог С.Абыкеевага «эскертүү» түрүндөгү тарбиялык өндүрүү жарыяланган.
Азыркы учурда Б.И. Ысык-Көл районундагы Семеновка айылында П.Колесникова атындагы орто мектепте биринчи класста окуп жатат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Түп райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын начальнигинин ээлеген ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо зарылдыгы жөнүндө сунуштама берилген.
Министрликтен келген маалыматка ылайык, Түп райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын начальниги К.Кылычбаевге «сөгүш» берилген, ал эми анын орун басары А.Рымбековго «катуу сөгүш» берилген.
Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына райондун Балдар иштери боюнча комиссиясынын (БИК)ишин териштирүү, атап айтканда –эмне үчүн буга чейин оор турмуштук кырдаалда калган бул бала БИК тарабынан аныкталбаган, жана тиешелүү райондук түзүмдөрдүн иш аракеттери кандай болгон.
Түп райондук мамлекеттик администрациясынан келген жоопко ылайык, тиешелүү кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында, оор турмуштук кырдаалда калган жашы жете элек баланы өз убагында аныктабагандыгы үчүн, Түп райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 19.11.2019-жылдагы №33 буйругу менен Түп райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо секторунун башкы адиси Б.М.Абыхаевге, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Т.К.Исмаиловага жана Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери З.Т.Макеевага «сөгүш» жарыяланган.