Мамкаттоо кызматкерлеринин шалаакылыгынан сатып алуучулар жабыр тартып келет

01/08/2019 - 11:33

Акыркы учурларда  Бишкек шаарынын четиндеги аймактарда жана Чүй облусунун тегерегинде  жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык окуялар орун алууда. Жер алдамчылыгы боюнча бир топ адамдар жабыр тарткан.

Тилекке каршы, жылдан-жылга мындай  даттануулардын агымы азайбай келет.  Бул жерден жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин  жана мамкаттоо кызматкерлери  иштеги кемчиликтери көрүнүп турат.

Атап айтканда, Акыйкатчы аппараты Б.И. аттуу жарандын арызын кароо учурунда төмөндөгүлөрдү  аныктады.

Б.И.  аттуу жаран  Б.А. аттуу жарандан Чүй облусуна караштуу, Сокулук районунун Ново-Павловка  айыл-өкмүтүнө караштуу аймактан  №484 контурунан (сызыгынан) № 43, 7-08-15-0003-1045 номерлүү  жеке коду бар жер тилкесин сатып алган.

Бирок, колунда башка жер тилкеге документи бар Р.А. аттуу башка жаран жогоруда аты аталган Б.И. аттуу жарандын  тийиштүү жер тилкесине курулуш иштерин баштап салган. Бул Сокулук районунун мамкаттоо кызматкерлери Н.У. жана Р.Б.  Б.И. тиешелүү жер тилкесин Р.А. курууга белгилеп берип салганына байланыштуу. Ошентип, Б.И. жеке менчик  укугунун бузулушуна жол берилген.

Бул иш боюнча Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп,  тергөө үчүн Сокулук районунун ИИБ тергөө кызматына өткөрүлгөн. Бирок, тергөө иши эки жылдан бери созулуп келет.

 Акыйкатчы аппараты тергөө кызматы тарабынан кылмышты тергөө иши ар кандай шылтоолор менен негизсиз созулуп келет-эсептейт. Буга мурунку Жазык-процесстик кодексинде тергөө иши 2 айлык мөөнөт менен каралса, жаңы Жазык-процесстик кодексинде таптакыр каралбаганы өбөлгө  түзгөн.  Жогоруда айтылгандардан улам, жаңы Жазык-процесстик  кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизүү, ошондой эле  мамлекеттик каттоо кызматынын  аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  ишмердигин тартипке келтирүү зарылдыгы бар экендигин билдирет.