Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасында бейтаптардын укуктары бузулуп, антисанитардык шартта турушат

13/10/2021 - 15:08

"Укук кербени" долбоорунун алкагында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков жетектеген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлер тобу “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 3 –берененин 3-бөлүгүнүн негизинде  Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага (РПО) мониторинг жүргүздү.

Мониторинг учурунда төмөнкүлөр аныкталды:

1)Ккургак учук бөлүмүнүн имараты (№7) өтө начар абалда, душ жана даараткана эч кандай санитардык ченемдерге жооп бербейт.

2)Бул бөлүм электр энергиясы менен жылытылат, ошол эле учурда жарык өчсө, колдонуу үчүн авариялык генератор жок;

3) бөлүмдүн медициналык кызматкерлери билдиргендей, алар актап-сырдоо жумушту өздөрү жасашкан,  оорукананын администрациясы акиташ, сыр менен гана камсыз кылган;

4) мониторинг учурунда кургак учук бөлүмүндө 5 бейтап жаткан. Бейтап таржымалын карап чыгууда, бул бейтаптардын экөөсү дарыланууга жазуу жүзүндөгү макулдугун бербегени аныкталган, ошого карабастан алар бул мекемеде үч жылдан ашык болушкан, бул тууралу Акыйкатчы кызматкерлери тиешелүү Актыны түздү;

5) №1 бөлүм мажбурлап дарылоого арналган, 55 керебет орун бар, бирок мониторинг учурунда 60 бейтап болгон;

6) аптечкадан жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармектер табылган;

7) палаталардагы терезелер тыгыз жабылбайт, суук аба ырайынын башталышы менен оорулуулар үшүшөт, кышында терезелер пленка менен жабылат, бул палаталарды желдетүүгө жол бербейт жана бейтаптардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет;

8) №1 бөлүмдүн жалпы санитардык абалы да санитардык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп бербейт - душ бөлмөсүндө электр зымдары сыртка чыгат, дааратканалардын санитардык абалы эч кандай стандарттарга жооп бербейт, ашканада дагы электр тогу ачык абалда турат.  

Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча  тийиштүү Акттар түзүлдү, алар мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.