Кызы үйүнөн кууган пенсионер аялга Акыйкатчы аппараты жардам берүүгө даяр

29/04/2021 - 16:08

2021-жылдын 23-апрелинде социалдык тармактар тарабынан коомчулукка жайылган кызы өз апасын үйүнөн күч колдонуу менен сыртка сүйрөп чыгарып жаткан видео Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын көңүл борборунда болуп, укуктук жактан мүмкүн болгон жардамдарды көрсөтүү максатында пенсия курагындагы Ж.Эгимбаеванын уулу Айнидинов Уланга байланышка чыккан. Ал менен сүйлөшүү учурунда Улан апасы, пенсионер Ж.Эгимбаеваны окуя болгон күнү эле Кара-Жыгач жаңы конушундагы үйүнө кайра алып келип, бүгүнкү күндө чогуу жашап жатышканын (кызы башка жакта жашап жатат) жана учурда Бишкек шаардык сотунда апелляциялык даттануу боюнча соттук отурумдарга жактоочу менен келишим түзүлгөндүгүн айтты.

Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты тарабынан соттук отурумдардын жүрүшүндөгү мыйзамдуулукка мониторинг жүргүзүү сунушталып, У.Айнидинов менен соттук процесстердин датасы анык болгондо арыз менен кайрылмай болду.