Кыздары жана неберелери Сирия менен Ирак аймактарында жашап жаткан ата-энелер тобу КР Акыйкатчысына кайрадан кайрылышты

08/01/2020 - 13:54

Бүгүн, 2020-жылдын 8-январында Сирия менен Ирак аймактарында качкындар лагеринде кыздары жана неберелери жашап жаткан ата-энелер тобу КР Акыйкатчысынын кеңсесине келишти.

Арыздануучулар Акыйкатчыга КР Президентине жана Премьер-министрге жолугушууга көмөк көрсөтүүнү  суранып кайрылышты. Андан тышкары, КР жарандарын (аялдарды жана балдарды) кайтарып келүү  боюнча 2019-жылы КР Өкмөтү түзгөн  атайын жумушчу топтон  жана тийиштүү органдардан, аядарды жана балдарды өз мекенине, Кыргызстанга кайтарып келүү маселеси кандай чечилип жатканы боюнча маалымат алууга көмөктөшүүсүн өтүнүштү.

Эске салсак, КР Акыйкатчысы бул маселе боюнча КР Өкмөтүнө маалымат берип, натыйжада  2019-жылдын январь айында Сирия менен Ирак аймактарында качкындар лагеринде жашап жаткан аялдарды жана балдарды Кыргызстанга кайтарып келүү маселесин чечүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн эле.