Кыйноого кабылдым деген И.Х. арызы Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүндө
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кыйноолордун алдын-алуу боюнча убактылуу кармоочу жайларды кыдырып жүргөн учурда Бишкек ш. ШИИБ убактылуу кармоочу жайында жаткан И.Х. арыз түшкөн. Арызда ал Бишкек ш. Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан уурулук кылганга шектелип кармалып келинип, кылмыш ишин мойнуна алгандан баш тартканда, милициялар анын башына баштык кийгизип, кабыргасына чаап сабашканы айтылат.
Кийинки күнү ал кыйноого кабылган үчүн прокуратура органына кайрыларын фельдшерге айткан. Эки саат өткөндөн кийин опер кызматкерлери кайра келишип, ИИБ алып кетишип, бир күн бою күч колдонушуп, эгерде даттанчу болсоң каалаган күнү алып чыгып, сабайбыз –деп коркутушкан.
Арыз ээси И.Х. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери менен сүйлөшүү учурунда милицияларды ага киргизбешин суранып, алардан коргоону суранган.
Акыйкатчы институту жүргүзгөн иш-аракеттерге карабастан, жарандардын эркиндиги чектелген абак жайлардагы кыйноолор жана катаал мамиле мурункудай эле ИИМ дубалдарында чечилбеген көйгөйлүү маселе болуп келет.
И.Х. арызы көзөмөлгө алынып, кайрылуу прокуратура органына жөнөтүлдү.
Акыйкатчы институту тарабынан И.Х. акысыз жактоочу берилип, бул иш аягына чыккыча көзөмөлдө болот.