Кыргызстандын китеп фонду КРдагы адам укуктары жөнүндөгү жаңы изилдөө иши менен толукталды

20/12/2021 - 12:10

Кыргызстандын китеп фонду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун түзүлүшү жана андан ары өнүгүшү тууралуу баяндаган илимий иш менен толукталды. Бул илимий эмгектин автору КР Акыйкатчысынын орун басары, саясий илимдердин кандидаты  Альберт Колопов..

Белгилеп коюу керек, Кыргызстанда буга чейин Омбудсмен институтунун ишмердигине арналган комплекстүү иш жарыялана элек болчу, айрым иштерде улуттук укук коргоо тутумун үйрөнүү контекстинде бул тема айрым бөлүктөрдө гана чагылдырылган.

Китептин киришүү бөлүгүндө белгиленгендей, Кыргызстан үчүн көйгөйлүү маселелердин бири болуп  адам укуктарын чектөө тенденциясын болтурбоо эсептелет.  Акыйкатчы институтунун маңызын жана багытын түшүнүү, анын өзгөчөлүгүн жана багыттарын аныктоодо А.Колопов бул укуктук  институтту тарыхый аспектте карайт, адам укуктарын коргоо тутумундагы анын ролун аныктоону карайт.

Бул монография автордун жаңы байкоолору жана корутундулары менен жабдылган, анткени автор өзү дээрлик жыйырма жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда адам укуктарын коргоо менен иш жүзүндө алектенип келет.

Акыйкатчынын орун басары А.Колоповдун пикиринде, бул китеп студенттер, аспиранттар, адвокаттар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, угуучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери  жана ошондой эле адам укуктарын коргоо маселелерине кызыккан бардык окурмандарга арналат.

Белгилеп коюу керек, бул эмгек 19-декабрда автордун 50 жылдык мааракесине карата чыгарылган.

КР Акыйкатчы институтунун жамааты мааракеси менен жана китебинин жарык көрүшү менен куттуктап, анын түйшүктүү  ишине жана чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайт.