Кыргызстандын Башкы консулдугу Россия Федерациясынын Урал федералдык округундагы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлүнө өзгөчө ыраазычылык билдирди

16/07/2020 - 14:34

Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу Россия Федерациясынын Урал федералдык округундагы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ыктыярдуу өкүлү Белеков Жыргалбек Сабырбековичке, Рахманбердиев Куттузбек Камаловичке жана мекендештер тобуна жеке каражаттын эсебинен азыркы учурда зарыл болгон медициналык каражаттарды сатып бергендиги үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Ошентип, 2020-жылдын 7-июлунда, биздин мекендештерибиз жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери тарабынан түзүлгөн гуманитардык жардам, биздин өлкөнүн медициналык мекемелерине арналып, "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү. Атап айтканда, COViD-19 коронавирустук инфекциянын жайылыш мезгилинде бейтаптарды дарылоого керектеле турган медициналык аппараттар жана буюмдар (кычкылтек концентраторлор, пульсоксиметрлер, тест тилкелери бар глюкометрлер, хирургиялык халаттар, медициналык баш кийимдер ​​жана бут кийимдер) келген.

Башкы консул Руслан Бийбосунов ушул жылдын 4-июлунда Свердлов районундагы кыргыз коомдук уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен жолугушууда айтылган чакырууга тез жооп бергендиги үчүн мекендештерине ыраазычылык билдирди.

Көрсөтүлгөн рейсте медициналык кызматкерлер да (бир дарыгер жана үч медайым) өз мекенинде кесиптештерине жардам берүү үчүн учуп келишкен.