Кыргызстандын атынан чыккан Телеушева Айнура Челябинскиде гран-приге татыктуу болду
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Т. Мамытовго Россия Федерациясынын Челябинск облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Н. Павлова кайрылып, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын арасында өтө турган “Рожденная побеждать!” аттуу сулуулар сынагын өткөрүү боюнча долбоорду колдоп берүүнү өтүнгөн.
Сынак “Сулуулукка чек жок!” аттуу чакырык менен, Россия Федерациясынын Челябинск шаарында 2019-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин өттү.
Аталган сынакта Кыргызстандын атынан «Love - Lafe» фондусунун директору, Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бийи (кол араба менен) Федерациясынын координатору, майыптарды сакайтууга, калыбына келтирүүгө (реабилитациялоого) жардам берип келген 37 жаштагы Телеушева Айнура Толенбергеновна катышты.
Акыйкатчы аппараты Айнураны ал жакка барышына аракетин жумшап, мындай жакшы ишке көмөкчү болууну суранып, эл аралык уюмдарга кайрылды. Аракеттин акыбети кайтып сынактын катышуучусуна жана анын жанында коштоп барган адамга да финансылык каражат табылды.
Ошентип Кыргызстандын атынан барган чакан делегациянын ичинде Акыйкатчы аппаратынын кызматкери, Социалдык, экономикалык, маданий укуктарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Касымбекова Салтанат дагы болду.
Кыргызстандын атынан чыккан Телеушева Айнура сынактын талабын мыкты аткарып, өзүн ар-тараптан (интеллектуалдык суроо жооп, мода көрсөтүү, бийлөө ж.б.) жогорку деңгээлде көрсөтүп, адамдын ички рухун жана эркин чагылдырып, жан-дүйнө майрамын тартуулаган бул сынакта биринчи орунду тагыраак айтканда Гран-прини жеңип алды.