Кыргызстандын Акыйкатчысынын №5 Балдар бакчасындагы чыр-чатак боюнча комментарийи
КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов №5 балдар бакчасында директор жана бакчанын башка өкүлдөрү, №5 Балдар бакчасынын башка өкүлдөрү менен мектепке чейинки бул мекеменин ата-энелеринин ортосундагы келип чыккан конфликт боюнча өзүнүн билдирүүсүн таратты.
Бүгүн, 2020-жылдын 28-январында бир катар маалыматтык сайттарда укук коргоочу Анара Дауталиева өзүнүн коопсуздугуна жана өз балдарынын коопсуздугуна тынчсызданганын, ушул балдар бакчасына барган балдардын ата-энелеринин позициясын жана талаптарын коргогону жана активдүү позициясы үчүн ага коркутуулар болуп жатканын маалымдаган.
Атап айтканда, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун жүрүшүндө, Бишкек шаарынын тургундарынын №5 балдар бакчасында жол коюлган көп сандаган мыйзам бузуулар, азык-түлүк продуктыларын уурдоолор жана акча чогултуулардын ачык-айкын эместиги тууралуу даттануулары каралып жатканда, укук коргоочу Анара Дауталиева төмөнкүлөрдү маалымдаган: “10-январь күнү 8.43тө мага Нурбүбү деп өзүн тааныштырган аял чалып, комиссияга баруу үчүн мени алып кеткени келгенин маалымдашкан. Бул аял бакчанын директорунун тууганымын деп тааныштырган жана комиссияда ишимди улантчу болсом менде чоң залакалар болоорун айткан. Алар менин дарегимди кайдан алышкан? Менин балдарым жашы жеткен болгонуна карабастан алар үчүн кооптоном. Мага жалаа жабылып жатат. Арызга кол койгон ата-энелерге кысым көрсөтүлүүдө”.
Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда белгилүү болгондой, ата-энелердин арызында көрсөтүлгөн көптөгөн фактылар тастыкталган, мектепке чейинки уюмдун директорунун ооруусуна байланыштуу комиссия өз ишин убактылуу токтото турганын, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифорова билдирген.
Укук коргоочу А.Дауталиевага болгон коркутуулар жана кысымга байланыштуу Акыйкатчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту бул маселе боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан талаптагыдай көңүл буруунун жоктугуна тынчсызданат.
– Биз бул фактыга өтө кыжырдандык, биз баарыбыз - КР Акыйкатчы аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы жана укук коргоо органдары бул жагдайды тыкыр териштирүүсү керек, ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы шашылыш түрдө тиешелүү комиссияны түзүүгө тийиш, -деп белгиледи Токон Мамытов.