Кыргызстандын Акыйкатчысы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болду

14/10/2021 - 09:42

Бүгүн, 2021-жылдын 14-октябрында, «Укук кербени» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Борбордук аппараттын кызматкерлери, анын ичинде Ысык-Көлдөгү Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов менен ошондой эле, муниципалдык бийликтин өкүлдөрү, райондун жана Бөкөнбаев айылынын активисттери жана тургундары менен жолугушту.

"Укук кербени” долбоорунун алкагында өткөн мурдагы жолугушуулардагыдай эле,   Акыйкатчы Токон Мамытов бул долбоордун максаттары менен милдеттерин түшүндүрдү, Акыйкатчы институтунун адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле  аппараттын алдында түзүлгөн “115 шыр байланыш” кызматы боюнча маалымат берди.

Андан кийин Кыргызстандын башкы укук коргоочусу жарандарды жеке кабыл алууну уюштурду, жарандардын суроолоруна жооп берди. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына жазылган арыздар кабыл алынды, жеке консультациялар жүргүзүлдү. Жолугушуудагы кайрылуулар боюнча  Ысык -Көлдөгү Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.