Кыргызстандын Акыйкатчысы Түп районунун тургундары жана жетекчилиги менен жолугушту

12/10/2021 - 10:23

Бүгүн, 2021-жылдын 12-октябрында, «Укук кербени» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Борбордук аппараттын кызматкерлеринин тобу, анын ичинде Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Көл облусунун акими К.М Адиев, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ички иштер бөлүмүнүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук башкармалыгынын  өкүлдөрү менен жолугушту.

 Жолугушууну ачып жатып, Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан демилгеленген "Укук кербени" долбоорунун максаттары менен милдеттерин түшүндүрдү, иш чара 10-декабрь -Эл аралык адам укуктары күнүнө арналган. “Укук кербени” Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2 -баскыч" программасынын  колдоосу менен  ишке ашууда.  Иш-чара 4-октябрда башталып, учурда республиканын төрт  облусунда ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы Токон Мамытов Омбудсмен институтунун адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Жалпы чогулуштан кийин Акыйкатчы Түп районунун тургундарын жеке кабыл алуусун өткөрдү, анын жүрүшүндө жарандардын суроолоруна жооп берди жана алар үчүн жекече консультацияларды өткөрдү. Бардык келип түшкөн оозеки кайрылуулар жана жазуу жүзүндөгү арыздар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинде каралат, андан кийин алар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы мыйзамда белгиленген тартипте арыз ээлерине билдирилет.