Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Өкмөтүнөн медициналык кызматкерлердин укуктарын камсыздоону өтүндү

07/05/2020 - 11:19

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргызстандын дарыгерлеринин укугун калыбына келтирүү үчүн  тийиштүү чараларды  көрүүнү жана ММК беттеринде жарыяланган маалыматтардагы фактыларды териштирүү иштерин жүргүзүүнү өтүнүп, Өкмөткө кайрылды.

Атап айтканда, Акыйкатчы КР Конституциясынын 47- беренесинин 1- бөлүгүнө, 48- беренесинин 2- бөлүгүнө жана 108- беренелерин жетекчиликке алып,  ошондой эле "КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" КР  мыйзамынын бир катар беренелерине таянып, Өкмөттөн  дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин анын ичинде “тез жардам” кызматынын медкызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу максатында тийиштүү чараларды кабыл алуусун суранды. Андан тышкары, Акыйкатчы тез аранын ичинде төмөнкү  маселелерге көңүл буруусун өтүндү: дарыгерлерге, медициналык кызматкерлерге акы төлөө; COVID-19 короновирус пандемиясы жайылган аралыкта астейдил  эмгектенип жатышкан дарыгерлердин, медициналык кызматкерлердин, анын ичинде тез жардам кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча белгилүү  бир өлчөмдө татыктуу кошумча акы төлөп берүү зарылдыгын; дарыгерлердин медициналык кызматкерлердин, анын ичинде, кенже техникалык персоналдын эмгек акысын жалпы жогорулатуу; короновирус пандемия учурунда аларды атайын жана керектүү бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады..