Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Өкмөтүнө кайрылып, апасы Кыргызстандын жараны болгон жашы жетпеген кыздарды (РФ жарандарын) өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүнү суранды
КР жараны Ж.Жалилова жашы жетпеген Б.Ф. (2010-жылы туулган) жана Ж.С. (2014-жылы туулган) кыздары Россия жарандары болуп саналышат. Алардын биринде Кыргыз Республикасынан алынган Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да бар. 2020-жылдын 28-апрелинде “Манас” эл аралык аяэропортуна Екатеринбург шаарынан чартердик рейс менен алар Кыргызстанга келээри менен ыйгарым укуктуу кызматкерлер тарабынан алардын өлкөгө кирүүсүнөн баш тартылган. Андан кийин энесине өлкөгө кирүүгө уруксат берилип, кыздарын депортациялоо чечими кабыл алынган.
КР Акыйкатчы Институту, мында аталган мамлекеттик органдар жана алардын өкүлдөрүнүн аракетинин натыйжасында жашы жетпеген кыздардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары, алып айтканда, улуттук мыйзамдарда жана Балдар укуктары жөнүндө эл аралык конвенцияда каралган укуктары бузулууга жол коюлду жана мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р буйругунунун талаптары да бузулду деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР Конституциясынын 108-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 8-беренесинин 6,8-пункттарынын жана 12-беренесинин 1-пунктунун негизинде, КР Акыйкатчысы жогоруда аталган жарандын жашы жетпеген эки кызынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө уруксат берүү маселесин тезинен чечүүнү суранып, КР Биринчи вице-премьер-министри, коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчилигине кайрылды.
Эске салсак, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов ушуга окшош маселе боюнча КР Өкмөтүнө, Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жетекчилигине жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына кайрылып, КР жараны М.Хачатурян айымдын жашы жетпеген балдарына Кыргыз Республикасына кирүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылганы тууралуу буга чейин маалымдалган болчу.
Бул маселе КР Акыйкатчысынын көзөмөлүндө.