Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов дарыланып жаткан чек арачылардан кабар алды

12/05/2020 - 10:23

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов бүгүн, 12-майда,  КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жатышкан, Баткен аскердик отрядынын “Көк-Таш” чек ара тозотунун 8-майдагы окуяда ок тийген  аскер кызматкерлери М. Абдисаит уулу жана Ч. Турдубай уулуна жолукту. Жоокерлердин үчүнчүсү –Султанбек уулу Мирбек аталган госпиталдын реанимация бөлүмүндө болгондуктан, анын апасы менен жолугуп сүйлөштү.  

Жабыркагандарга барган учурда Акыйкатчы өзүнүн Чек ара кызматындагы тажрыйбасын эске алып, жоокерлерге кесиптеш катары кайрылды, аларга дем берип, тезирээк айыгып чыгуусун каалады. КР Акыйкатчысы жоокер М.Султанбек улунун апасы менен да маектешти, анын уулунун операциясы жакшы өтүшүн каалады.

Акыйкатчы бейтаптардан социалдык жана тиричилик мүнөздөгү кандайдыр бир көйгөйлөр барбы деп кызыкты.  Жоокерлер жана М.Султанбек уулунун апасы учурда эч кандай арыз же даттануу жоктугун, дарыгерлер менен медициналык персоналдарга ыраазылыгын билдиришти.

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Т.Уметалиев жана дарылоочу врачтар менен сүйлөшкөндө, алар жоокерлер М. Абдисаит уулу жана Ч. Турдубай уулунун абалы туруктуу, алардын ден соолугу жакшырып баратканын билдиришти. Ал эми М.Султанбек уулуна экинчи ирет операция жасоого даярдык жүрүп жатканын маалымдашты, ага алгачкы операция Баткен облустук ооруканада жасалган.