Кыргызстандын Акыйкатчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) жана республикалык ооруканалардын дарыгерлеринин берген маалыматтарын текшерүүнү өтүндү

29/07/2020 - 11:15

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлерди жана республикалык ооруканаларды керектүү дары-дармектер жана жеке коргоону каражаттары (кол каптар, медициналык бет каптар, респираторлор, атайын костюмдар ж.б.) менен камсыз кылуу боюнча маалыматты тыкыр текшерүү жүргүзүүнү сунуштайт.

Акыйкатчынын пикиринде, Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул иши талаштуу маселелерди гана чечпестен, дарыгерлерге жана оорукананын кызматкерлерине эмгек акыларына үстөк акы төлөө маселесинин чечилишин да камтып, ошондой эле өлкөдөгү бардык медициналык кызматкерлердин корголушун камсыздайт. Айрыкча "кызыл зоналарда" жана тез жардам бригадаларында иштегендер үчүн тийиштүү маселелер туура чечилиши керек.

– Дарыгерлер бүгүнкү күндө алдыңкы катарда туруп, 1300дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен жаңы жана толук изилденип бүтө элек инфекцияга каршы күрөшүштү. Дарыгерлердин укуктары 100% корголушу керек, анткени Кыргызстандын бүткүл калкынын жашоосунун коопсуздугу алардан жана алардын жашоосунун коопсуздугунан көз каранды », – деди Токон Мамытов.

Акыйкатчынын мындай реакциясы социалдык түйүндөрдө дары-дармектердин жана жеке коргонуу шаймандарынын тартыштыгы жөнүндө Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын директорунун кайрылуусунан кийин ФОМС тарабынан Кыргызстандын дарыгерлерине кысым көрсөтүлүп жатканы боюнча маалымат келгенден кийин орун алган.

– Эгерде Таш-Көмүр ооруканасынын дарыгери айткан маалыматтар тастыкталса, анда ФОМСтун жетекчилиги аймактык ооруканаларга дары-дармектер менен жеке коргонуучу кийимдерди бербегендиги үчүн, ошондой эле медициналык кызматкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн, анын ичинде Фонддун администрациясынын коркутуулары үчүн жоопко тартылышы керек. Болбосо, ФОМС дарыгердин айткандарын жокко чыгарган каржы жана товар документтерин жарыялашы керек, деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы.