Кыргызстандын Акыйкатчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды

11/07/2021 - 16:37

Facebook социалдык тармагында колдонуучу Н.К. тарабынан М.Т. аттуу жарандын үй-бүлөсү жөнүндө маалымат жарыяланган. Анда 1993-жылы туулган М.Т. төрт кичинекей баласы менен учурда турмуштук оор кырдаалда турганын жазган.  

Маалыматты тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жашаган М.Т. аттуу жаран менен байланышып, бул үй-бүлө чындыгында турмуштук оор кырдаалда тургандыгын, үй-бүлөнүн атасы M.Т. ден-соолугуна байланыштуу иштей албайт жана ал майыптыгы жөнүндө тастыктама ала албай келет. M.T. балдарына гана жөлөк пул алаарын жана айыл өкмөтүнөн жана башка мамлекеттик органдардан үй-бүлөсүнө башка жардам көрсөтүлбөй тургандыгын кошумчалады.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде,  КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жогорудагы үй-бүлөнү каттоого алуу жана аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү өтүнүчү менен тиешелүү кайрылуу жөнөттү.

Бул маселе Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.