Кыргызстандын Акыйкатчысы республиканын ар бир айыл өкмөттөрүнө Балдар иштери боюнча комиссия түзүүнү сунуштайт

23/12/2020 - 17:27

Кыргызстанда балдарга, ошондой эле жашы жете элек кыздарга карата катаал мамиле, үй-бүлөлүк зомбулук жана кылмыштар көбүнчө үй-бүлө мүчөлөрү же айылдаштары тарабынан жасалып,  Кыргызстанда тез-тез болуп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов  республиканын ар бир айыл өкмөттөрүнө Балдар иштери боюнча комиссия түзүүнү, аталган комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун, билим берүү жана медициналык мекемелердин өкүлдөрүн киргизүүнү сунуштайт.

Акыйкатчы, балдарга каршы жасалган кылмыштар боюнча Ички иштер министрлиги, прокуратура жана сот органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ар бир териштирүү процессин мамлекет өзгөчө жана туруктуу көзөмөлгө алуусу керек деп эсептейт.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси

16-берене. Баланын абийирин, кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укугунун негизги кепилдиктери
 1. Ар бир бала абийирин жана кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укуктуу. Мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыз кылат, аны дене-бойлук жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен, кылмыштуу ишке тартуудан жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен коомго каршы аракеттерди жана башка аракеттерди жасоодон коргоону жүзөгө ашырат.
Мындай аракеттерге күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
2. Өзүнүн ишинин түрү боюнча баланы окутуу жана тарбиялоо менен алектенүүгө милдеттүү адамдардын анын ар-намысына жана аброюна кол салуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

20-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз   кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
-тиешелүү аймакта балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
-балдардын укуктары бузулган учурларды табуу жана муктаж болгон балдарга бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү;
-ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өз иштери жөнүндө маалыматтарды квартал сайын жергиликтүү кеңешке берет.