Кыргызстандын Акыйкатчысы Пригородное айылындагы нааразычылык акциясынын катышуучуларына кайрылды

15/04/2021 - 13:55

Бир катар республикалык маалымат каражаттарына үч жыл мурун жеке адамдардан жана коммерциялык банктардан пайыз менен акча алып, бирок ушул карыздарын убагында төлөй албай жүргөн 15 аял (жалгыз бой энелер) Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат – деген маалымат жарыяланар замат, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Ж. Карабаева окуя болгон жерге барды.

Аялдар акыркы үч жылда алган кредиттеринин пайыздарын төлөй албай кыйналгандарын баса белгилеп, “Биз ушул жерден ак жоолугубузду чечип кара жоолук салынып, кайгыбызды билдиребиз. Бизге чоңдор келип, кредит маселебизди чечип берсин. Жалгыз үйү бар адамдардын үйлөрү алынбасын. Азыркы күндө соттор, сүткорлор биздин үйлөрүбүздү алып коюп атышат. Пандемия учурунан тартып алынып аткан үйлөр өз ээлерине кайтарылып берилсин. Мындан ары Кыргызстанда 3% чейинки гана кредиттер берилсин! Себеби, Кыргызстанда 80% банкттар жекеменчик. Ошол мансапкор, сүткорлор карапайым элдин кредититерин кечсин! Мындан ары кредит деген нерсе жоюлсун!” – деген талаптарын айтып, маселе чечилбесе өзүн-өзү өрттөөгө барабыз-деп коркутушкан. Аялдар өздөрү менен кошо газ баллонун жана бензин бөтөлкөлөрүн алып келишкен.

Акыйкатчынын өкүлү М.Карабаева аталган аялдар менен жолугушуп, сүйлөшө алган жок, анткени айыл өкмөттүн айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, митингчилерге эч ким киргизилген эмес.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов нааразычылык акциясынын катышуучу аялдарына кайрылып:

“Урматтуу жана кадырлуу аялдар – энелер, аялдар, эже-карындаштар, биз, кыргызстандыктар, сиздедин көйгөйлөргө жана жашоодогу кыйынчылыктарга түшүнүү менен жана боорукердик менен мамиле кылабыз. Балдарыңызды жалгыз чоңойтуу жана тарбиялоо үчүн сиздин мойнуңарга артылган түйшүктөрдү түшүнүп турабыз.

Бирок, урматтуу аялдар, өзүн-өзү өрттөө же башка ден-соолугуңузга же мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мүлкүнө зыян келтирүү иш-аракеттери менен сиз көйгөйүңүздү чечпестен, тескеринче курчутаарын түшүнүңүздү суранабыз. Балдарыңыздын жана үй-бүлөңүздүн тагдыры жана келечеги жөнүндө ойлонуңуз! Өз өмүрүңүздөн ажырап же ден-соолугуңузга олуттуу зыян келтирип, аларга колдоо жана таяныч боло албайсыз.

Өзүңөрдөр дагы бул окуянын жаман аякташын каалабай турганыңыздарга ишенип турам. Ошондуктан, мен сиздерден эмоцияга алдырбастан, үй-бүлөңүздөрдүн жана балдарыңыздардын тагдыры жөнүндө, өзүңүздүн жана жаныңыздагы адамдардын өмүрүнө эч кандай коркунуч келтирбөө жөнүндө өтө олуттуу ойлонууну суранам.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту өз кезегинде, сиздердин көйгөйлөрүңүздөрдү мүмкүн болушунча жана оптималдуу чечүү максатында, сиздердин, Өкмөттүн жана республиканын башка мамлекеттик органдарынын ортосунда сүйлөшүү процессин уюштурууга даяр", - деди.