Кыргызстандын Акыйкатчысы Кыргызстандын Россиядагы эмгек мигранттарынын өкүлдөрү менен онлайн- видео байланышын уюштурду

22/05/2020 - 16:49

КР Омбудсмени Токон Мамытов, Акыйкатчынын орунбасары Е.Алимбаев  жана Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Россия Федерациясынын шаарларында жана региондорундагы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ыктыярдуу өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз диаспораларынын активисттери жана Россиядагы Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын өкүлдөрү менен (COVID-19) коронавирус пандемиясында биздин мекендештерибиз туш болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

КР Акыйкатчысы  менен болгон онлайн-видео байланышка катышкандар:“Мекеним Ала-Тоо” “Орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүү борборунун ”аймактык коомдук уюмунун башкармалыгынын төрайымы Жамилахан Бегиева; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Москва жана Москва облусундагы коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Улан Кошматов, Бактыяр Өмүрзаков, Турсунбай Кубатбеков, Кубаныч Кожоев, Сагынбай Расулов, Бектурсун Абдылдаев; Урал федералдык округундагы Кыргыз Республикасынын  коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белеков; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Приморск аймагы боюнча ыктыярдуу негиздег коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Садиров; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Хабаровск аймагындагы коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Мырзабаев; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Челябинск облусундагы коомдук башталыштагы   ыйгарым укуктуу өкүлү Зийна Бакирова; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Оренбург облусундагы  коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Урмат Жамгырчиев; Краснодар аймагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Айкан Аргымбаева; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Хакасия Республикасындагы коомдук башталыштагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Мамырбек Садыков; жана башкалар катышты

 Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Токон Мамытов Акыйкатчы институтунун Кыргыз Республикасына эмгек мигранттарын кайтаруу ишине катышуусу жөнүндө айтып берди, ошондой эле катышуучуларды ачык диалогго чакырган интернеттеги видео-байланышка чакырды. Андагы  көтөрүлгөн бардык маселелер жалпыланып иштелип чыккан соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана республиканын тиешелүү мамлекеттик органдарына сунушталарын билдирди.

Эң актуалдуу көйгөйлөр катарында, диалогдун катышуучулары төмөнкүлөрдү белгилешти:  Авиажүргүнчүлөр эки жашка чейинки баласын алып учса болоорун, ал эми ошол эле ата же эненин 5 же 6 жаштагы баласын  ажыратып калтырып коюу керектиги чоң көйгөй болуп жатканы белгиленди. Кыргыз Республикасынын бийлиги тарабынан Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына кепилденген жана туруктуу аба транспортун айрыкча, катуу ооруп жаткан кыргызстандыктар жана көп балалуу үй -бүлөлөр үчүн уюштура албагандыгы; азыркы учурда Ошко түз каттамдардын жоктугу ортого салынды. Ошко түз каттам  маселеси чечилсе, мигранттар Бишкекке барып  олтурбай эле, андан ары    Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына  үйүнө жетип алуусу бир топ  жеңилдейт эле-дешти. Ошондой эле “ Жүк-200" коштогон кезде  бир эле узатуучуга уруксат берилиши,  маркумдун калган жакын туугандарынын коштоп баруусу чектелип жаткандыгы айтылды.

Мындан тышкары, видео -байланыштын айрым катышуучулары Россиядагы мекендештерге колдоо көрсөтүү максатында бөлүнгөн гуманитардык жардамга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир катар дооматтарды айтышты. Алардын айтымында, гуманитардык жардамдар эмнегедир Москва шаарына жана Москва облусундагыларга гана берилип,  Россиянын башка аймактарында жашаган жардамга муктаж эмгек мигранттарына жетпей калгандай.

Алардын  айтылган суроо-талаптарын, сунуштарын угуп, талкуулап бүткөндөн кийин  Токон Мамытов айтылган сунуш-пикирлерди топтоп, иштеп чыккын соң  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабга жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жөнөтөөрүн айтып өттү.  Акыйкатчы кийинки онлайн-видео байланышууда  аткарылган иштер жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет. Онлайн-видео байланыштын датасы жана убактысы алдын ала айтылат.

Онлайн-жолугушууну жыйынтыктап жатып, Токон Мамытов Россиядагы эмгек мигранттарына жана Кыргызстандын жарандарына сабырдуулукту сактап, биргеликте иш алып барууну жана бири-бирине жардам берүүнү суранды. «Сиздин укугуңуз бузулса, кайсы убакта болбосун Акыйкатчы аппаратына кайрылсаңыз болот. Арызды - электрондук почта аркылуу, КР Акыйкатчысынын сайты аркылуу, ушул сайтта жарыяланган кызматкерлерибиздин телефондору аркылуу байланышсаңыз болот. Ошондой эле сиз Россия Федерациясындагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага же Россиянын аймактарындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө кайрылсаңыздар болот. Анткени алардын көпчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Меморандумдарга кол коюлган", - деп белгиледи Акыйкатчы.