Кыргызстандын Акыйкатчысы көп балалуу эненин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды

21/02/2020 - 16:50

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы  Токон Мамытов  Октябрь райондук сотунун төрагасы Д.Назаровго кайрылып, анын өндүрүшүндө жазык иши каралып жаткан жаран Н.К.га карата ббөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү суранды.

Анткени учурда №1 ТИЗОдо кармалып жаткан жаран Н.К-нын карамагында төрт кичине баласы бар, алардын улуусу жети жашта, учурда бешинчи баласы менен кош бойлуу.

Өзүнүн сунуштамасына негиздеме катары соттолуучу Н.К  КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасады деп айыпталууда. Бул беренедеги кылмыштар I категориядагы жазаны карайт, ал 2 жыл 6 ай жаза каралууга жатат, бул ал КР Жазык коддексинин 19-беренесине ылайык анча чоң эмес кылмыштарга кирет.  

Андан тышкары, КР Жазык-процесстик кодексинин 116-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасын тандоодо  5 жылдан ашык эркинен ажыратылчуларды гана бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндө тандалышы керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР Акыйкатчысы КР Конституциясынын 108-беренесинде каралган ыйгарым укуктарынын негизинде жаран Н.К.га эркиндигинен чектөө менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандоону сунуштады.