Кыргызстандын Акыйкатчысы БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукту

25/04/2019 - 10:24

Бүгүн 25-апрелде КР Акыйкатчысы Токон Мамытов БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык офисинин башчысы Андрей Селезнев жана БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасынын координатору  Жыпара Ракишева менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунун ишмердиги  жана БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык офисинин ишиндеги маалыматтар менен алмашуу болду. Ошондой эле анын ишине Акыйкатчы аппаратынын катышуусумүмкүн болгон БУУнун программалык офисинин долбоорлору талкууланды.

Талкуулоонун жыйынтыгында, тараптар КР Омбудсмен институту менен БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өз ара аракеттенүүсүнүн беш багытын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишишти: Кыргызстандын жарандарынын сот адилеттигине эркин жетүү маселесинде, адам сатуу жана легалдуу эмес миграция маселелеринде, терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон адамдар менен укуктук иштер чөйрөсүндө, Кыргызстандыктардын кепилденген юридикалык жардам менен камсыздоо маселелеринде, КР аймагында кесипкөй соттук экспертиза  жүргүзүүгө байланышкан маселелеринде кызматташуу зарылдыгы белгиленди.