Кыргызстандын Акыйкатчысы Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен кызматтык милдеттерине кылдаттык менен мамиле жасоону суранат

31/05/2021 - 14:13

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Логвиненко көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 2013-жылдан бери ала албай келе жаткан укук белгилөөчү документтерди берүүгө байланыштуу көйгөйдү чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Арызда белгиленгендей, Түркиянын жараны М.га таандык «Мастер групп» курулуш компаниясы менен жабдууларды жана курулуш материалдарын жеткирип берүүчүлөрдүн ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында, үй курулган жер соттун чечими менен камакка алынган. Анын жашоочулары ар кандай органдарга кайрылышкан, бирок оң натыйжага жетпей келишет.

Буга чейин Акыйкатчы бул маселе боюнча  Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго кат менен кайрылган, аны менен таанышкандан кийин мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ушул үйдүн жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган.

Бирок, иштин материалдарын карап жатканда, айрым прокурорлор үйдүн жашоочулары курулуш материалдарын берүүчүлөр менен кардардын (курулуш компаниясынын ээси) ортосундагы процесстерге катышпагандыгын эске алышкан жок. Ошентип, прокуратуранын Акыйкатчынын катына берген жообу, анда соттук талаш-тартыштардын тараптарынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдерине шилтеме берип, ага ылайык (болжолдуу) соттун чечимдерине таасир этүүгө жол жок экенин айтканын “отписка” деп атоодон башкага болбойт.   

Ушуга байланыштуу, Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилигине  кайрылып, “Логвиненко 10” ТСЖ жашоочуларынын көйгөйлөрүнө дыкат мамиле жасоо зарылдыгына өзгөчө көңүл буруу, алардын бузулган укуктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жөнөттү.