Кыргызстандын Акыйкатчысы аймактардагы ММК кызматкерлерин Ардак грамоталары менен сыйлады

06/11/2019 - 17:38

“Эркин Тоо” улуттук гезитинин биринчи санынын жарык көргөн күнүнө карата (1924-жыл, 7-ноябрь, азыркы “Кыргыз Туусу”)) КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 1993-жылдын 1-ноябрынан тарта 7-ноябрь  Кыргызстандын массалык маалымат кызматкерлеринин ( гезит-журнал, радио, телевидение, басмаканада иштеген) күнү деп жарыяланган. Ушул датага карата КР Акыйкатчысынын буйругуна ылайык, ар кайсы облустарда эмгектенген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйланышты. Акыйкатчынын Ардак грамоталарын  Омбудсмендин облустардагы өкүлчүлүктөрү тапшырышат.

Атап айтканда, 7-ноябрь Улуттук басма-сөз жана маалымат күнүнө карата “адам укуктары жана эркиндиктерине кошкон салымы жана Акыйкатчы институту менен укуктук-маалыматтык жаатта тыгыз жана жигердүү кызматташканы үчүн”  КР Акыйкатчысынын Ардак громатасы  менен төмөндөгүлөр сыйланды:

Жалал-Абад облусу:

 

  • Руслан Калматов- “Азаттык медиасынын” Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы;
  • Уулкан Кожоева - Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын продюсери;

 

Ош облусу:

 

  • Таштемир Жалиев- “ЭлFM”  радиокомпаниясынын директору;
  • Киздаркан Тохтасинова-«ЭлТР»  телекомпаниясынын тележурналисти;

 

Баткен облусу:

 

  • Адылбек Акматов -«Баткен таңы» облустук гезитинин башкы редактору;  
  • Кундуз Жоробекова Баткен ОМТРК редактору;

 

Талас облусу:

 

  • Сайкал Калыгулова-“Акипресс” маалымат агенттигинин Талас облусу боюнча координатору;
  • Бурмагүл Чабдарова-  Талас областтык телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары

 

Нарын облусу:

 

  • Лариса Калдыбаева- Нарын облустук телерадиокомпаниянын башкы редактору   
  • Турдалиева Гүлзада -  «Теӊир-Тоо газетасынын журналисти ;

 

Ысык-Көл облусу:

 

  • Жанара Сагындыкова- Ысык-Көл облустук телевидениесинин кабарчысы;
  • Нурдин Урманбетов- Ысык-Көл облустук телевидениесинин оператору;

 

Чүй облусу:

 

  • Убайдакан Кайдулатова - Сокулук райондук «Элдик трибуна» гезитинин редакторунун орун басары;
  •  Айзада Дуйшенбаева- «Эркин-Тоо» гезитинин кабарчысы.