Кыргызстандын Акыйкатчысы Аскар Турдугуловду майыптардын укугун коргоо боюнча ыктыярдуу кеңешчи кылып дайындады
Бүгүн, 2021-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Аскар Турдугулов (Оскар Райс) менен жолугушту, ал Акыйкатчы майыптардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча коомдук башталышта өзүнүн кеңешчиси болуп дайындалды.
“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого байланыштуу маселелер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Акыйкатчынын дээрлик ар бир жылдык отчётунда мындай жарандардын көйгөйлөрү чагылдырылып, аларды чечүү үчүн тиешелүү сунуштар келтирилген. Бул багытта биз ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кызыкчылыгын коргогон коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен активдүү өз ара аракеттенип, ар кандай эксперттерди тартуудабыз. Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңешчиси болуп иштөө биздин республикада жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты менен биргеликте адам укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн кеңири укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сиз менен болгон бул өз ара аракеттенүү узак мөөнөттүү, максаттуу жана мүмкүн болушунча натыйжалуу болот деп ишенем", - деп белгиледи Токон Мамытов.
Өз кезегинде Аскар Турдугулов Акыйкатчыга жогорку ишеними үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда жашаган майыптыгы бар жарандар абдан жардамга жана конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого муктаж экендигин белгиледи. "Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 200 миңден ашуун майыптар жашайт, алардын 30 миңи балдар. Тилекке каршы, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу-бардык мамлекеттик, маданий жана спорттук уюмдар өз имараттарына эл аралык стандарттарга жооп берген кадимки пандустар менен кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдөн баштап, социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселеге чейин бузулган. Ошондуктан, КР Акыйкатчысынын кеңешчисинин күбөлүгү мага жана Кыргызстандын башка бардык майыптыгы бар жарандарга биздин мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызды жана укуктарыбызды натыйжалуу илгерилетүүгө жана коргоого жардам берет деп ишенем", - деди ал.
Жолугушуунун соңунда Токон Мамытов республиканын адам укуктары боюнча башкы органынын жаңы дайындалган өкүлүнө тиешелүү күбөлүктү тапшырды, ошондой эле анын ыйгарым укуктарын жана алдыдагы биргелешкен иш боюнча милдеттерин түшүндүрдү.