Кыргызстанда салтка айланган адам укуктары боюнча бир айлык башталды

11/11/2020 - 10:13

2020-жылдын 10-ноябрында Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча жыл сайын Акыйкатчы аппараты тарабынан өткөрүлүүчү салттуу бир айлык жарыяланды. Анын максаты - адам укуктарын жайылтуу, ошондой эле “КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 7-пунктунда каралган, калктын  укук жагынан маалымат алуусуна көмөктөшүү саналат.

Аталган бир айлыктын быйылкы өзгөчөлүгү  - быйыл CoViD-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу, иш чаралар көпчүлүк учурда онлайн режиминде өткөрүлөт. Анын катышуучулары менен онлайн жолугушуулар жана тиешелүү онлайн сынактар ​​каралган. Мындан тышкары, Евразиялык Омбудсмендер Альянсынын (ЕАО) чечимине ылайык, 2020-жылдын 10-декабрында, ЕАО өлкөлөрүнүн бардык жогорку окуу жайларында жана мектептеринде 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган адам укуктары боюнча бирдиктүү сабактар ​​өтүлөт.

Иш-чаралар планына адам укуктары боюнча лекциялар жана сабактар ​​киргизилген, алар бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды сактоо менен катышуучулардын саны чектелүү болот, ошондой эле “БИЗ АДАМ УКУКТАРЫН БИЛЕБИЗ” деген аталыштагы видеороликтер сынагы өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аймактык өкүлчүлүктөрү  тарабынан “Мен жана менин укуктарым” деген темада дилбаяндар сынагын дагы өткөрүлөт. Бир айлыктын  жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана эң активдүү катышуучулар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-декабрындагы (№765) токтомуна ылайык, 10-декабрь Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Адам укуктарын коргоо  күнү  катары белгиленген.