Кыргыз Республикасынын процесстик кодекстери боюнча тренинг

17/12/2020 - 17:59

2020-жылдын 16-17-декабрында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана жазык процесстери жөнүндө мыйзамдарын колдонуу боюнча тренингден өтүштү. Тренингдин биринчи күнү административдик процесстик кодекске арналды, анда сотко чейинки административдик жол-жоболор, административдик талаптардын түрлөрү жана талаптарды кабыл алуунун жана кароонун өзгөчөлүктөрү каралды. Административдик процессуалдык кодекс боюнча Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова тренердин милдетин аткарды.

Тренингдин экинчи күнү Жазык-процесстик процесстерге арналып, анда тренер - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин иштеп чыгуучуларынын бири, эксперт Аслан Кулбаев болду. Ал Жазык-процесстик кодексинин сотко чейинки процессте кыйноолордун алдын алуу, прокурордук көзөмөлдөөгө жана адам укуктарынын сакталышына соттук көзөмөл жүргүзүүгө багытталган ченемдери жөнүндө сөз кылды.

Мындан тышкары, катышуучулар процесстин катышуучуларынын укуктарынын жол-жоболук бузуулар жөнүндө билишти. Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин сот отурумдарына жана процесстерге байкоо жүргүзүүдө жасаган аракеттери боюнча сунуштар берилди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда жаңы Жазык-процесстик жана Административдик процесстик кодекстер күчүнө кирген. Жалпысынан 5 жаңы кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирген. Иш-чара Акыйкатчы институтунун демилгеси менен “Адилет” укуктук клиникасынын жана Кыргыз Республикасында “Мыйзамдын үстөмдүгү - 2-баскыч” программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.