Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине Акыйкатчы институтунан ачык кайрылуу
КР Акыйкатчысына Бишкек шаарынын тургуну Бишкек ш. Свердлов РИИБ тарабынан тергелип жаткан иши (№ 03-055-2019-005380) боюнча КР Жазык-процессуалдык кодексинин жана Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык, аталган иш өндүрүшү мыйзам чегинде, ар тараптуу, толук кандуу, калыс, акыйкат каралышы үчүн сотко чейинки өндүрүшкө укуктук жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Атап айтканда, кайрылууда, 2019-жылдын 2-майында 1982-жылы туулган жаран М.Э. арыздануучунун кызын (1988-жылы туулган С.С.) зордуктоого аракет кылганда, андан качкан кызы 3-кабаттын балконунан ылдый суу түтүгүн кармап түшүп баратып учуп кетип, натыйжада көкүрөгүнөн жана курсагынан жана жамбаш сөөгүнөн жабык жарат, сол согончогунан ачык жарат алганы жазылган.
Аталган окуя боюнча жабырлануучунун туугандары тарабынан Бишкек ш. Октябрь РИИБ зордукчулга мыйзамдуу чара колдонуусу боюнча тийиштүү арыз жазылган. Аталган иш Бишкек ш. Октябрь РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.А. өткөрүлүп, ал күнөөлөнүп жаткан кишини кармап жана сурак жүргүзгөн эмес. Андан кийин иш Бишкек ш. Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү Э.И.өткөрүлүп, анда да М.Э. күбө катары гана суракка алынган, кармалган эмес жана ага карата баш коргоо чарасы тандалган эмес.
Жабырлануучунун атасынын айтымында, “Тергөөчү Э.И. жабырлануучу өзүнүн арызында 6 жолу 02.05.2019 ж. 24.05.2019 ж., чейинки арыздарында, түшүнүк каттарында, сурактарда 02.05.2019ж. М.Э. зордуктоого аракет кылганы боюнча так жана даана айтып берип жатса дагы, анын бардык көрсөтмөлөрүн эске алынбай, ишенбей жатат”.
Мындан ташкары, арыз ээси айыпкер М.Э. өз алдынча дагы, туугандары жана тааныштары аркылуу дагы ага карата зордуктоого кылган аракети боюнча козголгон кылмыш ишине калыс, акыйкат, мыйзам чегинде териштирүүнү болтурбой коюу мүмкүнчүлүгү барын айтып кооптонгон. Буга далил катары ал Бишкек ш. Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин текшерүүсү чоюлуп жана баш-аламан болуп жатканын айтат.
Ошол себептен арыз ээси Акыйкатчы институтуна аталган иш кайрадан козголуп, КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү үчүн жабырланган кызынын укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо укуктук жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Жогорудагы баяндалгандардын негизинде, КР Акыйкатчы аппараты
КР Башкы Прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине бул ишти (№ 03-055-2019-005380) өзгөчө жана жеке көзөмөлгө алып, Бишкек ш. Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын жетекчилигинин жана тергөөчүсүнүн кылган аракетине/аракетсиздигине, жогоруда аталган тергөөчү КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдерин аткарганы же четке какканы жөнүндө териштирүү жүргүзүлүп, жабырлануучу кыз С.С. тарабынан айтылган доомат, фактылары боюнча талаптагыдай жана акыйкат териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылат.