Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын региондук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ош облусундагы бир катар социалдык мекемелерге мониторинг жүргүзүштү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Боорукердик” жана “Алтын уя” интернат үйлөрүнө, ошондой эле “Үй-бүлөнү жана балдарды адаптациялоо боюнча атайын реабилитациялык борборуна” мониторинг жүргүзүштү.
Социалдык мекемелердин маалыматтарын текшерүүнүн жүрүшүндө, “Боорукердик” интернат-үйүндө "Ошто ачка калган төрт бала табылды. Алардын апасы иштеш үчүн кеткен" деп маалыматтык материалдарда баяндалган аял эки баласы менен жашап жатканы аныкталган. Берилген маалымат боюнча, карантин учурунда милицияга эки баласы бар аял көчөдө тентип жүргөнү жөнүндө маалымат түшкөн. Аларды “Боорукердик” борборуна жайгаштырылган.
Акыйкатчынын өкүлдөрү 13 жаштагы кызы жана 2019-жылы туулган уулу бар 1988-жылы туулган А.Н. аттуу аял менен маектешти. А.Н. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында катталганганын айтып, бирок жанында жоктугуна байланыштуу тастыктоочу документтерди көрсөтө алган жок.
“Боорукердик” интернат-үйүнүн директору Б. Токтосунова, Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, А.Н. энесине телефон чалды. Ал кызы менен неберелерин Исфана шаарына каттаган таксиге салып жиберүүсүн өтүндү. Бул өтүнүч канааттандырылып, А.Н. балдары менен энеси жашаган дарекке жөнөтүлдү.