Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсүнөн кийин Т.К. пенсиясынын өлчөмү ай сайын 460 сомго көбөйдү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) күйөөсү Т. К.нын кызыкчылыгы үчүн Талас шаарынын тургуну Т.Ж. кайрылган.
Арызда айтылгандай, 1937 -жылы туулган Т.К. акыркы убакка чейин 8224 сом өлчөмүндө пенсия алган. Белгисиз себептер менен 2021 - жылдын апрелинде болгону 7945 сом пенсия алган. Т.К. пенсиясынын өлчөмүнүн азайгандыгын билүү үчүн, Талас облусунун социалдык фондунун башкармалыгына кайрылган. Ал жактан Т.Кнын алгачкы пенсиясы туура эмес эсептелгенин, азыр бардыгы компьютер менен эсептелерин, мындан ары анын пенсиясынын өлчөмү 7945 сомду түзөрүн айткан оозеки жоопту угушкан. Социалдык фонддун мындай жообуна макул болбой, алар Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылышкан.
Арызды жана ага тиркелген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Талас райондук социалдык фонд башкармалыгына тиешелүү кайрылуу жолдошту.
Талас райондук Социалдык фонд башкармалыгынан жооп алынды. Анда "ELED" программасына киргизилгенден кийин, кол менен эсептөөнүн арифметикалык каталарынын бардыгы программа тарабынан оңдолуп, эми анын пенсиясынын суммасы 8224 эмес, 7945 түзгөнүн, бирок экинчи ирет текшерүүдөн кийин T.K. 1984-85 бийик тоолуу аймакта жайгашкан Талды-Булак мектебинде иштегени, бийик тоолуу аймактарда иштегендер үчүн 1 жылдык эмгек стажы 1,5 жыл деп эсептелээлери эске алынбай калганы белгилүү болгон. Ушул жагдайды эске алып кайрадан эсептегенде Т.К.нын пенсиясынын өлчөмү 8405 сомду түзгөн.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсүнөн кийин пенсиянын өлчөмү айына 460 сомго көбөйүп, 8405 сом менен төлөнөт.
Акыйкатчынын өкүлчүлүгү Социалдык фонддун Талас облусундагы башкармалыгына "ELED" программасы аркылуу Т.К.нын пенсиясы боюнча маалыматтарды жазууда ката кетирген адиске чара көрүү өтүнүчү менен кат жөнөттү.