Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнө кайрылуусу

09/10/2020 - 11:41

Өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн чакырам:

Абалды курчутууну токтотуу зарыл! Жеке таарынычтардан жана өз ара дооматтардан өйдө болууга аракет жасоо керек. Анткени азыр Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчилик силерде турат, адамдар силерге, силердин ынандырууңарга жана убадаларыңарга гана эмес, ошондой эле бүтүндөй мамлекетке  ишеним артуусу үчүн  силер жооптуусуңар. Бирок эгер силер бири-бириңер менен тынч жана өз ара тил табыша албаган шартта,  силер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын кантип коргой аласыңар? Эгер өзүңөр ынтымакка жана өз ара түшүнүүчүлүккө жете албай жатсаңар,  өлкөнүн экономикасын кантип өнүктүрүп жана жарандарыбыздын турмушун жакшырта аласыңар?   

Бүгүн кечинде болгон окуялар жетээр чегине жетти, эгер андан аттаса эле, көз карандысыз, эгемендүү Кыргызстан болбой калуу коркунучу турат. Жагдай начарлап, оңдоого мүмкүн болбой калуусу ыктымал. Эгер азыр токтотпосок, анда ата бабаларыбыз бизге кылымдап берген мурасты жоготуп, бирдиктүү мамлекет болбой калуу коркунучу алдыда турат. Өлкө эң кооптуу чекте, андан ары баш аламандык жана кыйроо турат. 

Ушуларга жол койбоо үчүн мамлекеттик бийликтин учурдагы легитимдүү органы - КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Кыргызстандын келечеги жана анын жарандарынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти жеткире түшүнүүгө тийиш.  

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары толук курамда чогулуп, жаңы өкмөттүн программасын түзүмүн жана курамын бекитип, ошондой эле атаандашып турган саясий күчтөр, бирикмелер жана партиялардын ортосунда бекем көпүрө орнотуп берүү үчүн даанышмандык жана кыраакылык көрсөтүүңөр зарыл.

Бүгүн ар качанкыга караганда Кыргызстандын элине республиканын бардык жарандарынын алдында жана Мекенибиздин келечеги үчүн силердин жоопкерчилик  талап кылынат.

Өлкөнү кыйроодон сактап калалы!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Акыйкатчысы (Омбудсмени)

Мамытов Т.Б.