Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүндө «RoLA» ЖЧК ишканасындагы чыр-чатактуу кырдаал тынчтык жолу менен чечилди

02/02/2021 - 15:16

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовго «RoLA»  Кыргыз-Россия ишканасы” ЖЧКсынын кызматкерлери келип, ишкананын жетекчилиги алардын эмгек укуктарын бузуп жаткандыгына нааразычылыгын билдиришти. Тактап айтканда, бул жамааттык билдирүүдө төмөнкүдөй дооматтар көрсөтүлгөн: компаниянын жетекчилиги, башкы директор А.Янтураев жана негиздөөчүсү А.Родиков тарабынан жумушчуларды иштен кетирүү үчүн жагымсыз шарттар атайын түзүлгөн; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган айып пулдар белгиленген; өргүү жана эмгекке жарамсыздыкта жүргөн күндөргө акча төлөнбөйт; заводдун аймагында санитардык-гигиеналык ченемдер сакталбайт, бул ишкананын катардагы кызматкерлеринин ден-соолугуна терс таасирин тийгизет; жумуштан бошотулганда, эсептешпейт жана акыркы эсептешүүнү төлөбөйт; башкы директор эмгек жамаатынын кызматкерлеринин адамдык кадыр-баркын түшүргөн басмырлоочу мүнөздөгү сөздөрдү сүйлөйт.

«RoLa» ЖЧКнын кызматкерлеринин массалык нааразычылыгын жараткан себептерди жана жагдайларды аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Чүй облусундагы өкүлчүлүгү аталган ишкананын жетекчилигине суроо-талап жиберген, анда "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине ылайык,  кызматкерлер менен түзүлгөн эмгек келишимдеринин көчүрмөсүн, ошондой эле эмгек акыга болгон карыздын эсептөөлөрүн жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын протоколун (корутундусун) берүүнү суранган.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ишканага барышкан, кызматкерлер менен жетекчиликтин ортосунда жолугушуу уюштурулган. Бул жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн эксперти У. Абдымомунов жумушчулардын жамааттык билдирүүсүн окуп берип, анда жетекчиликке коюлган дооматтар камтылып, жумушчулардын башында турган өкүлү З. Акбашевден  (Жамааттык билдирүүдө көрсөтүлгөн кызматкерлердин көпчүлүк добушу менен шайланган) алардын талаптарын жана позициясын түшүндүрүүнү суранды (чогулуш аудио тасмага жазылды), ал эми негиздөөчү А. Родиковдон чыр-чатактуу кырдаалдардан чыгуунун мүмкүн болгон жолун, аталган маселе боюнча өз пикирин билдирүүнү суранды.

 Өз кезегинде, А. Родиков жүргүзүлүп жаткан иштеги айрым тең салмаксыздыктарды таанып, башкы директордун кызмат ордуна дайындоо процедурасы ишкананын негиздөөчүлөрүнүн компетенциясына кирерин жана ага кызматкерлердин пикири эске алынбашын билдирди. Учурдагы айга карата эмгек акы төлөө, эмгек өргүүсү, эмгекке жарамсыздык боюнча жана өргүүлөр боюнча карыздар жок. Жолугушууда мыйзамсыз жумуштан бошотуу жана адамдын кадыр-баркын кемсинтүү боюнча айыптоолор боюнча фактылар тастыкталган жок. Кызматкерлер жумуштан бошотулбайт, бирок жаңы эмгек шарттарына өтүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболор жүрүп жатат, ал шарттар менен кызматкер макул боло алат же макул болбойт, ал эми жаңы эмгек шарттарына өткөндө эмгек стажы үзгүлтүккө учурабайт. Бардык кызматкерлер жумуш ордуларына кабыл алынат.

Белгиленген айып пулдарга карата А. Родиков  иш учурунда эмгек  тартибин сактоо үчүн ушул  сыяктуу тартиптик  жазалары колдонулат деп түшүндүрдү. Бул боюнча өкүлчүлүктүн кызматкери жетекчиликке бул иш-аракеттер мыйзамсыз экендигин жана эмгек акы толугу менен төлөнүп берилиши керек экендигин түшүндүрүп, ага негиздөөчү А. Родиков макул болуп, эмгек тартибин сактоо боюнча чаралар ички документтин кабыл алынышы менен кайра каралат деген пикирин билдирди. Ошондой эле, ал ишканада дайыма эмгек тартибин бузгандар бар экендигин жана бул жагдайды көңүл буруусуз калтырууга мүмкүн эместигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, чыр-чатактуу кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн тараптар ишкананын кызматкерлери тарабынан жумуш берүүчүгө коюлган бардык эмгек мамилелери маселелери каралып, алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат деген өз ара макулдашууга келишти.

Ушул жылдын 1-февралында «RoLA» Кыргыз-Россия ишканасы” ЖЧКсынын кызматкерлеринин өкүлү З. Акбашев  кайрадан Акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, жолугушууда жетишилген макулдашууга ылайык, «RoLA» Кыргыз-Россия ишканасы” ЖЧКсынын жетекчилиги көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн бардыгын чечкендигин маалымдады. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн жардам үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы институтуна ыраазычылыгын билдирип, алар тарабынан буга чейин жиберилген жамааттык кайрылууну көзөмөлдөн алып коюуну өтүндү.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту ишкердик субъектилеринин жетекчилеринин көңүлүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербешине бурат, ошондой эле жарандарды эмгек таламдарын коргоо үчүн иштеген жеринде кесиптик бирлик уюмдарын түзүүгө чакырат.