Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кийлигишүүсүнөн кийин акыйкаттык орноду
КР Акыйкатчысына (Омбудсменине) Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, И.Ш. аттуу жаран кайрылган. Кайрылууда ал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын бош кызмат ордуна сынактан эки жолу ийгиликтүү өткөндүгүн айткан. Бирок, район акими белгисиз себептен дайындоого макулдугун берүүдөн баш тартууда. Арыз ээси Акыйкатчыдан конституциялык укуктарын калыбына келтирүүгө жардам берүүсүн суранган.
Бул кайрылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына суроо-талап жөнөткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу -инспектордук иштер жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Жалаловдун колу коюлган жоопто И.Ш. 2021 -жылдын 8 -апрелинде Өзгөн районунун райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы өткөргөн сынакта жогорку балл алганы, андан кийин, анын талапкерлиги Өзгөн районунун акими Р.Мейматкуловго бекитүүгө жөнөтүлгөнү, бирок мамлекеттик администрация башчысы бул дайындоого макулдугун берүүдөн баш тартканы жазылат.
2021-жылдын 2-июлунда Мамлекеттик кадр кызматы жогорудагы бош кызмат ордуна кайра сынак жарыялаган. И.Ш. кайрадан сынакка катышып, аны ийгиликтүү тапшырат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан И.Ш. дайындоого киргизилген. Бирок 5 -июлда мамлекеттик администрация башчысы-район акими дайындоого макулдук берүүдөн кайра баш тартат.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 -жылдын 29 -декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 57-пунктуна ылайык, КР Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына У.Мариповго кат менен кайрылган.
И.Ш. буга чейин конкурстан эки ирет ийгиликтүү өткөнүн эске алып, 2021 -жылдын 1 -сентябрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Марипов У.А. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - Өзгөн районунун акиминин макулдугусуз жаран И.Ш. ны Өзгөн районунун райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындоого жазуу жүзүндө тапшырма берди.