Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын дарегине ыраазычылык каттары келип түшүүдө

17/12/2020 - 17:55

Эл аралык адам укуктары күнүнүн жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө арналган салттуу айлыктын алкагында өткөн "Биз адам укуктарын билебиз" видео сынагында жеңишке жетишкен Бишкек шаарынын № 17 орто мектебинин 4-классынын окуучусу Сарпашов Мырзанын апасы Бактыгүл Абдраимовадан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кат келип түштү. Б.Абдраимова өзүнүн катында, айрыкча, Токон Мамытовго жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине бул сынак үчүн жана уулу Мырзанын чыгармачылык жолундагы алгачкы эмгегине жана жөндөмдүүлүгүнөа жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту өз кезегинде Сарпашов Мырза Рысалиевичти жана анын ата-энесин дагы бир жолу куттуктайт жана аларга жаңы чыгармачылык жеңиштерди жана ийгиликтерди каалайт.