Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй өкүлчүлүгү үч балалуу эненин кызыкчылыгын коргоого алды

19/11/2020 - 15:32

КР Акыйкатчысынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жашы жете элек үч кичинекей баласы бар, күйөөсү Россияда иштеп жүрүп, башка аялга үйлөнүп алган (ал балдарына жардам берүүдөн баш тарткан)  С.С. аттуу  жаранга укуктук жардам көрсөтүштү.

Тактап айтканда, жаран С.С. менен байланышып, иштин жагдайлары такталды. Үч бала анын кароосунда (тарбиясында) экени, жалгыз бой эне  жана мамлекеттен эч кандай жардам албай турганы  белгилүү болду. Туруктуу иштеген жери жок, көчөдө имараттарды тазалап акча табат. Тапкан акчасы балдарын тамактандырууга араң жетет. Күйөөсү Россияга кетип, үй-бүлөсүнө эч кандай материалдык жардам көрсөтпөйт.

Учурдагы кырдаалды эске алган Акыйкатчынын өкүлдөрү Аламүдүн райондук администрациясына кат менен кайрылып, С.С.га мамлекеттик жана башка төлөмдөрдү алуу үчүн юридикалык консультация берүүнү, ошондой эле ага райондук администрациянын каражаттарынан материалдык жардам көрсөтүүнү караштырууну өтүндү.

 Мындан тышкары, ушундай эле кайрылуу Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жөнөтүлдү. Аталган башкармалыктын жетекчиси менен сүйлөшүү болуп,  ал тез арада тиешелүү мамлекеттик жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, ал өкүлчүлүктүн кызматкерлеринен,  райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнө мамлекеттик жөлөк пул маселелери боюнча кайрылган жарандар жөнүндө кабарлап турууну өтүндү, анткени жардамга муктаж адамдарды аныктоо үчүн кадрлар чектелүү болуп жатканын түшүндүрдү.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Чүй облусундагы өкүлчүлүгү аталган жашы жете элек үч баланын атасынан алимент өндүрүү маселесин көтөрүп, жаран С.С.нын жашоо кырдаалын көзөмөлдөп турмакчы.