Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайларында адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү

01/07/2020 - 14:41

Буга чейин айтылып келгендей, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүндөгү жана жазык-аткаруу тутумунун жабык мекемелериндеги кырдаалды ар дайым көзөмөлдөп турат жана аппараттын кызматкерлери кармалгандардын жана соттолгондордун конституциялык укуктарын сактоо, өз убагында жана сапаттуу медициналык жана юридикалык жардам алуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат.

Акыйкатчанын буйругуна ылайык, 2020-жылдын 22-июнунан 26-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Сокулук, Жайыл, Панфилов, Москва, Кемин, Ысык-Ата райондорунун жана Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүн жана убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүштү. .

Мониторингдин алкагында убактылуу кармоочу жайда кармалган адамдардан жарандардын камакта болуу укугун сактоо, медициналык кароодон өтүү, коргоого алуу, камакта кармоо мыйзамдуулугунун сакталышы, алдын алуу чараларын колдонуу жана тергөө судьяларынын чечимдери тууралуу суроолорго анкета аркылуу жооп алынды. Ошондой эле маектешкен жарандарга зарыл юридикалык консультация берилди. Акыйкатчынын атына айрым даттануулар жазуу жүзүндө кабыл алынды.

Мониторингдин жүрүшүндө байкалгандай, убактылуу кармоочу жайларда кармалган жарандар жана ИИБ кызматкерлери мезгил-мезгили менен коронавирустук инфекцияга карата анализ тапшырып текшерилип турушат. Зарыл болсо, УКЖга тез жардам чакырылат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын УКЖ бардык зарыл санитардык-гигиеналык каражаттар жана коргоочу шаймандар менен жабдылган, убактылуу кармоочу жайларда CoViD-19 коронавирус боюнча республикалык штабдын бардык талаптары так сакталган.

УКЖ текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар берилди, алардын аткарылышы КР Акыйкатчысынын Чүй өкүлчүлүгү тарабынан көзөмөлгө алынды.

Эскертүү: Аппараттын кызматкерлери атайын жабдуу кийимдерине да мониторинг жүргүзүшкөн, андан тышкары аларга ПЦР анализинин терс жыйынтыгын көрсөткөн тастыктама-маалыматтарды көрсөтүшкөн.