Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Казакстан Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

11/02/2022 - 17:43

Кечээ, 2022-жылдын 10-февралында Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков менен Казак Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Азимованын жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча органдарынын ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкта ​​өттү. Ошондой эле Казакстандагы кыргыздардын укуктарынын сакталышына байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Аскат Азарбеков менен Бакыт Рысбеков Э.Азимовага ал жетектеген офистин ачыктыгы жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак, ушул жылдын 8-февралынан 11-февралына чейин Акыйкатчы аппаратынын  жетекчиси баш болгон Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жана Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун делегациясы Казакстан Республикасына Казакстан Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын колдоо, коргоо боюнча натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу максатында иш сапары менен барган.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө  Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Н.Ауганбаев; Тараз шаарынын прокурорунун орун басары; жазык системасынын бөлүмүнүн башчысы; тергөө кызматынын өкүлдөрү; Адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча Казакстандын эл аралык бюросу менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, А.Азарбеков, Б.Рысбеков жана Э.Азимова №13 тергөө изоляторуна барып, КР жараны Т.у.Т.га жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондой эле анын апасына жолугушуп, арызын алышкан. 

Аталган түзөтүү мекемесин кыдыруу учурунда абактагылардын кармоо шарттарына жана ден соолугунун абалына өзгөчө көңүл бурулду.