Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери МКЮЖнын жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мониторинг жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча эки күндүк окуудан өтүшөт

02/11/2021 - 11:39

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы  аппаратынын кызматкерлери «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мониторинг жүргүзүүнүн методологиясын иштеп чыгуунун негиздери» программасынын алкагында окуудан өтүшөт.

Тренер катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, «Укук жана мыйзамдарды өнүктүрүү борборунун» КФ директору М.Э. Сейдалиева жана «Эдвокаси адам укуктары боюнча борбор» коомдук бирикмелер ассоциациянын юристи З.Ш. Абдулхакова чыгышат.

Тренингдин максаты - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин мамлекет кепилдеген (акысыз) юридикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, методологияны иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү жаатындагы потенциалын жогорулатуу.

Бул эки күндүк окуунун уюштуруучулары түшүндүргөндөй, анын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: МКЮЖ системасын жөнгө салуучу колдонуудагы жана жаңы мыйзамдарды талдоо; катышуучуларды методологияны жана мониторингди иштеп чыгуу, юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты боюнча Кыргыз Республикасындагы МКЮЖ өнүктүрүүнүн Улуттук тармагынын тажрыйбасы менен тааныштыруу; МКЮЖ системасынын мониторинг программаларын иштеп чыгуунун негизги көндүмдөрү жана адвокаттардын иши менен таанышуу.