Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери Европалык окутуу институту жана Европа кеңеши тарабынан уюштурулган онлайн окутуу курстарына катышууда

19/10/2020 - 11:33

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) аппаратынын кызматкерлеринин тобу 2020-жылдын 19-октябрынан 21-октябрына чейин өткөрүлө турган "Россиянын мыйзамдарында жана укук колдонуу практикасында адам укуктарынын эл аралык жана конституциялык кепилдиктерин ишке ашыруу" Европалык окуу институтунун жана Европа кеңешинин квалификацияны жогорулатуу онлайн курстарына катышууда.

Бул курстардын катышуучулары: Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун ректору, Россия Илимдер академиясынын академиги Анатолий Торкунов; Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа кызматташтыгы департаментинин директору Николай Кобринец; Европа кеңешинин башкы катчысы Мария Пейчинович-Бурич; Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлү Татьяна Москалькова; Адам укуктары боюнча Европа сотундагы Россия Федерациясынын өкүлү, Россия Федерациясынын Юстиция министринин орун басары Михаил Гальперин; Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын катчысы Лидия Михеева; Россиянын Тышкы иштер министрлигинин ММЭМИ  Европа таануу институтунун директору Тамара Шашихина болду.

Окуу курсунун алгачкы  күнүндө: "Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы: Учурдагы чакырыктар", "Россиянын катышуусу менен Адам укуктары боюнча Европа соту караган иштер: негизги көйгөйлөр жана тенденциялар", "Билим берүү аркылуу спорттогу адам укуктарын коргоо" сыяктуу темалардын бет-ачарлары жана талкуусу болуп өттү. Ошондой эле “HELP программасы: жаңы баскычтын башталышы” деген темада онлайн тренинг өткөрүлдү.