Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты Министрлер Кабинетинин №55 токтомунун нормалары натыйжалуу иштейт деген ишенимин билдирет

10/02/2022 - 11:56

2022-жылдын 7-февралында Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров № 55 "Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон алаптарды бекитүү жөнүндө" Токтомго кол койду. Бул токтомго Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 33-беренесин ишке ашыруу максатында кол коюлган. Ага ылайык, камак жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынууга тийиш болгон адамдарды багуу боюнча талаптар тиркемеге ылайык бекитилди.

Белгилей кетсек, Токтомдо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар пункттар камтылган. Тактап айтканда, тиркеменин 25-пунктуна ылайык “Эгерде камакка алынган адамдын атайын кабыл алуу жайында же нөөмөт бөлүгүнүн жайларында камакта жаткан учурда денесине залал келтирилген же каза болгондугу аныкталса, кезметчи дароо медициналык тез жардам бригадасын чакырат жана бул тууралуу прокуратура органдарына жана кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө билдирет”.

Ошондой эле, токтомдун ушул тиркемесинин 51-пунктуна ылайык “ Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларына же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана депутаттары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, анын орун басарлары жана көзөмөлдөөчү прокурор, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун өкүлдөрү атайын уруксатсыз кирүүгө укуктуу”.

Белгилей кетсек, бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмдөрүнө жүктөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту бул токтомдун нормалары натыйжалуу иштейт деп ишенет.