Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына келген кезектеги ыраазычылык кат

05/02/2021 - 15:14

Мен, Ош шаарынын М-ва Д, Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Ш. Касымовго, эксперти Т. Турганбаевге жана Акыйкатчынын Борбордук аппараттын кызматкери Гүлзина Бообековага чоң ыраазычылык билдирем.

Себеби, жогорудагы кызматкерлердин берген юридикалык кеңештеринин жардамында жана алардын сотко катышып,  сот адилеттүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүсүнүн натыйжасында Ош облустук сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда маселенин адилеттүү чечилишине жетиштим деп эсептейм.