Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы үч тараптуу кызматташуу меморандумуна кол койду

13/11/2020 - 10:04

Бүгүн, 2020-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасындагы Техникалык кызматташтык жана өнүктүрүү агентствосунун (AКТЕД) Бишкек кеңсеси жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз  юристтери " КБ ортосунда меморандумга кол коюлду.

Меморандумга Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын сакталышы жана аларды коргоо боюнча кырдаалды жакшыртуу максатында кол коюлду. Тараптар "Жигердуу Жарандар" долбоорун ишке ашырууда жана анын максаттарына жетүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү жөнүндө макулдашышты.

Бул долбоор USAIDдин каржылоосу менен, FHI360 ошондой эле анын өнөктөштөрү - ACTED жана юристтер ассоциациясы тарабынан ишке аша турган   5 жылдык программа. Анын негизги максаты - жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жана түзүүгө жамааттарга, жергиликтүү бийлик органдарына, жарандык коом уюмдарына жана жеке секторго жардам берүү менен Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Долбоор айылдын жана шаардын жашоочулары көйгөйлөр жана сунуштар менен бийлик органдарына эркин кайрылып, ошондой эле кеп-кеңештерди алууга жана коомдук маанилүү маалыматтарга ээ болууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу процесстерине катышуу үчүн жарандык катышуунун бардык шаймандарын жана ресурстарын жигердүү пайдаланууга жардам берүүгө, пландаштыруу жана бюджеттин аткарылышы боюнча чечимдерге таасир этүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында, ACTED борбордук жана аймактык деңгээлдерде долбоордук иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) колдоо көрсөтөт. Тактап айтканда, иштеп жаткан "115 шыр байланыш” телефонуна колдоо көрсөтүү үчүн беш юрист-эксперттердин кызматын көрсөтүү (Борбордук аппаратта  үч юрист-эксперт, экөө түштүк регионалдык өкүлчүлүктөрүндө иш алпарышат), ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жана "шыр телефонунун" операторлору үчүн билим берүү иш-чараларын жана тренингдерди уюштуруу, бир катар тренингдер үчүн модуль иштеп чыгуу ж.б. каралган.

Меморандум кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет жана эки жыл бою күчүндө болот.