Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун сунуштары Өкмөт тарабынан эске алынып, Экономика министрлиги тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын экономикасын кризистен кийинки өнүктүрүү планына киргизилген
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевге кат жолдоп, анда COVID-19 коронавирус пандемиясынын мүмкүн болгон кесепеттерине көңүл бурууну өтүнгөн болчу. Кайрылууда Кыргызстан жарандарынын азык-түлүк коопсуздугу, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, билим берүүнү чыңдоо жана билим берүү иш-аракеттерин сактоо жана башка маселелерге өзгөчө басым жасалган.
Белгилүү болгондой, Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, тиешелүү мамлекеттик органдар жана эксперттер менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын экономикасын 2020-2021-жылдарга кризистен кийинки өнүктүрүүнүн Планын (№12-1 / 7540) иштеп чыгып, Өкмөткө сунуштаган (№ 12-1 / 7540), анда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын сунуштары дагы эске алынганы белгилүү болду.
. Особый акцент в письме был сделан на вопросы, касающиеся продовольственной безопасности граждан Кыргызстана, необходимости усиления борьбы с коррупцией в стране, укрепления образования и сохранения образовательной деятельности, и т.д.