Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов кармалган адамдын катышуусусуз баш коргоо чарасын караган фактысы боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүндү

28/05/2020 - 16:16

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы А.Калыбаевдин наамына кайрылуу жолдоп, анда сот Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Д.Ажиевдин баш коргоо чарасын өзүнүн катышуусуз караган фактысы боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы өз ыйгарым укуктарынын чегинде Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна барып, ал жерде Д.Ажиев менен жолугуп, сүйлөшкөн, ал өзүнүн катышуусу жок жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин бузуу менен ага карата баш коргоо чарасы 2 айга узартылганын айтып нааразы болгон эле. Мындан тышкары, анын туугандары аны сот отурумуна алып келишкен жок, (баш коргоо чарасын кароо учурунда) себеби №1 тергөө абагында атайынконтингент тарабынан сабалгандыктан, сот отурумуна келе алган жок деп тынчсызданышкан.

Акыйкатчы Токон Мамытов менен баарлашууда Д.Ажиев №1 ТИЗОнун администрациясына да, режимге жана аны кармоо шарттарына каршы эч кандай даттануулары жок экендигин жана эч кандай зордук-зомбулук аракеттерине  кабылбаганын баса белгилеген.