Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов дүрбөлөңгө түшпөй сабырдуу болууга чакырды
Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстандын жашоочуларын дүрбөлөңгө түшүп, ар кандай текшерилбеген маалыматтарды жана ушактарды таратпоого чакырды. Эл республикалык штабдын расмий маалыматтарына гана ишениш керек.
2020-жылдын 18-март күнү Каракөл ш. тургундары шаардын бир канча жашоочулары коронавирус илдетин жуктуруп алыптыр деген маалыматка байланыштуу дүрбөлөңгө түшүшкөн. Жыйынтыгында ойлонулбай, текшерилбей тараган маалыматтын жана ушактын айынан А. Т. үй-бүлөсү моралдык-психологиялык жабыр тартышкан. КР Акыйкатчысы Токон Мамытов өзү А.Т-в менен телефон аркылуу байланышканында, ал бул жалган маалымат тараганы элдер анын үй-бүлөсүн шектүү карап, сүйлөшүүдөн качып калышканын, мындай мамиле жубайына катуу тийип, жүрөгү ооруп калганын айтты. Бул ушак тараган күндөн тартып шаар дүрбөлөңгө түшүп, дүкөндөргө, дарыканаларда кезек күткөндөр көбөйгөн.
А.Т. ал жана анын үй-бүлөсү түшүнүксүз абалда калышканын белгилеп, “бизде коронавирус эмес, сасык тумоо жок”-деди. Алар кечээ күнү дарыгердин кароосунан өтүшкөн жана милиция органына арыз менен кайрылышкан. Дарыгердин медициналык корутундусун алышкан соң сотко доо арыз берүү ниети бар экенин да айтты.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү бул кырдаалды өз көзөмөлүнө алды, жергиликтүү бийлик органдары айтылган маалыматтарга жана ушактарга дароо көңүл буруп, аны четке кагууга тийиштүү чараларды көрүшү керек болчу деп эсептейбиз.
Такталбаган, четке кагылбаган бир маалымат азыр бүт республикага жайылып кетти.
Биз азыр адамзаттын артыкчылыгы жана баалуулугу анын эркиндигинде деген коомдо жашап, эркиндиктен аша чапкандар интернет жана социалдык торчолор аркылуу каалаган маалыматты анын ичинде жалган маалыматты оңой эле таратып коюп атышат. Кай жерде эркиндик болсо ал жерде жоопкерчилик дагы болушу керек. А. Т. үй-бүлөсүндө болгон окуя баарыбызга сабак болушу керек-деп эсептейт Акыйкатчы Токон Мамытов.