Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун Жаңы жылдык куттуктоосу

30/12/2020 - 16:30

Урматтуу кыргызстандыктар, 2020-жыл аяктап баратат. Көпчүлүгүбүз үчүн ал сыноолордун, түйшүктөрдүн жана жоготуулардын гана жылы эмес, ошондой эле жаңы үмүттөрдүн да жылы болду.

CoVid-19 жаңы жана өлүмгө алып келүүчү оорунун биринчи толкуну учурунда, кыргыз эли бул жаңы апаатка туруштук берүү үчүн адамдык эң жогорку сапаттарды - боорукердикти, кайрымдуулукту жана адамкерчиликти көрсөтүштү.

Жаңы 2021-жылдын босогосунда, сиздерге чың ден соолук каалайм, сиздерге, үй-бүлөңүздөргө - балдарыңыздарга жана ата-энелериңиздерге, кымбаттуу, жакын адамдарыңыздарга бактылуу күндөрдү, бакыт-таалай, тынчтык, бакубат жашоо тилейм!

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар кут болсун, урматтуу мекендештерим!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Акыйкатчысы (Омбудсмени)                                                  Токон Мамытов