Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Европа Омбудсмен Институтунун кеңейтилген жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов иш сапары менен Сербия Республикасынын Нови Сад шаарында болду, мында Европа Омбудсмен Институтунун мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны өттү.
Күн тартибине ылайык, 2 -сентябрда Европа Омбудсмен Институтунун жалпы чогулушунун ачылышы болуп, анда ЕОИнун Президенти Драган Милков мырза, Регионалдык Өкмөттүн Президенти Игорь Мирович жана башкалар сөз сүйлөштү.
3 -сентябрда Европа Омбудсмен Институтунун Башкы Ассамблеясы болуп, күн тартибине 10 маселе коюлган: Президенттин отчёту, Башкы катчынын отчёту, Казыначынын жана аудиторлордун отчётун угуу жана бекитүү, ЕОИнун Уставын өзгөртүү ж.б. маселелер каралды.
Президентти, Башкы катчыны жана Европанын Омбудсмен институтунун башкармалыгынын мүчөлөрүн кайра шайлоо өттү.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жыйында сөз сүйлөп жатып, Азиядагы Омбудсмен институттарынын өкүлдөрүн башкармалык коллегияга киргизүү зарылдыгы боюнча сунуш киргизди. Токон Мамытовдун сунуштарын Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ф.Эшматова дагы колдоп сүйлөдү.
Расмий иш чарадан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Европанын Омбудсмен Институтунун (EОИ) вице-президенти Нина Карпачева менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Акыйкатчы Токон Мамытов ошондой эле Венгриядагы негизги укуктар боюнча комиссары Акош Козма мырза менен да жолугушту.
Маалымат үчүн: EОИ – Европадагы абройлуу уюм, 1982 -жылы илимий коом катары түзүлгөн, ал эми 1988 -жылдан бери эл аралык коомдук уюмдун статусуна ээ жана азыр Европа Омбудсмен институту катары белгилүү. EОИнун штаб -квартирасы Инсбрукта жана Австриянын мыйзамдарына баш ийет. Учурда Европа Омбудсмен Институтунда 65 өлкөдөн 197 мүчө бар (институттук жана жеке мүчөлөр). Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту 2006 -жылдан бери ЕОИнун мүчөсү болуп саналат.