Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов "Евразия мейкиндигиндеги адам укуктарын коргоо: Омбудсмендердин мыкты тажрыйбалары менен алмашуу" аталыштагы IV эл аралык конференцияга катышты

18/11/2020 - 15:51

Иш-чаранын жүрүшүндө 18 мамлекеттин омбудсмендери жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дүйнөлүк коронавирустун жайылышына каршы туруу, карантиндик чектөөлөр мезгилиндеги омбудсмендердин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү,  адам укуктары үчүн жаңы чакырыктар жана тобокелчиликтер талкууланды.

Эл аралык конференциянын катышуучулары адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Омбудсмендер пандемия шартындагы социалдык укуктарга өзгөчө көңүл бурушуп, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин жана эл аралык ассоциациялардын мамлекеттик саясатынын социалдык багытына берилгендигин баса белгилешти. Алардын ою боюнча, глобалдык масштабдагы социалдык көйгөйлөрдүн өсүшү жана COVID-19 пандемиясы коомду колдоодо мамлекетке өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт.

Мындан тышкары, конференциянын катышуучулары адам укуктарын коргоо жаатында кош стандарттарды колдонууга каршы чыгышты. Алардын ою боюнча, бул түздөн-түз фундаменталдуу эл аралык ченемдерге жана принциптерге каршы келет.