Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүнө дайыма көңүл бурат

06/09/2021 - 14:46

Этникалык кыргыздардын тобу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) жеке кабыл алуусунда болушту, алар инсандыгын ырастоочу документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушканына нааразы болуп келишкен.

Кайрылгандардын арасында Б.А. 1981-жылы туулган, кыргыз, Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун Курган-Дөбө районунун Ханабад айылында туулган. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020 -жылдын 18 -сентябрындагы №175  "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" Президенттин Жарлыгына ылайык, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган. Бирок буга карабастан, ал дээрлик бир жылдан бери кыргыз паспортун ала албай келет. Ал паспортту ала албай жатканынын себебин Москва районунун ЗАГС жана паспорттоштуруу бөлүмүндө болуп жаткан ашыкча бюрократиядан көрөт.

Ал эми этникалык кыргыз П.Р. маселеси башка мүнөздө. “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы бар экендигине карабастан. П.Р.  Кыргыз Республикасынын жарандыгына документтерди тапшыра албай келет анткени анын колунда ата энеси ажырашканы тууралуу күбөлүгү жок. Ата -энеси П.Р. 1 жашында ажырашып кеткен.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы менен жолуккандан кийин арыз ээлери арыздарын жазуу түрүндө калтырып кетишкен. Бул даттануулар боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Чүй облусунун Москва районунун Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысына тиешелүү кайрылуу жөнөттү.

Бул маселени чечүү КР Акыйкатчысынын аппаратынын Жарандык –саясий  укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүнө дайыма көңүл бурат